Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.10.2015 15:10

Жалал-Абадда жыл башынан бери мекеме-уюмдарга өтүп кеткен 10 бала бакча кайтарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери мекеме-уюмдарга өтүп кеткен 10 бала бакча кайтарылып алынды.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, облуста кезегинде ар кандай мекеме-уюмдарга берилген жана менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайрадан бакчаларга кайтаруу жумушу кызуу жүрүп жатат. 2013-жылдан бери 26 бакча кайтарылып алынган.

Эске салсак, облуста учурда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес 216 бала бакча иштеп, анда 25 миңге жакын бала тарбияланууда. Жаш бөбөктөргө 1 миң 116 тарбиячы билим берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×