Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.10.2015 13:10

Айыл турмушу: Согуштагы ачарчылыкта атам бизди кийиктин эти менен бакты, - өмүр бою ГЭС курууда иштеген кара-көлдүк Э.Токторбаев (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 85 жаштагы тургуну Токторбаев Эңиш 40 жылдай өмүрүн ГЭСтерди куруу иштерине арнаган.

Э.Токторбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 12-13 жашында Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Бала кезин эгин талаасында чөп отоп, чөп байлап, эгин бышканда кырманда дан бастырып, ат жетелеп, машак терип өткөргөн.

Эрезеге жеткен соң, 3 жыл 2 ай Ленинградда аскер кызматын өтөгөн. 1954-жылы ал жактан келген соң алгач токой чарбасында, андан кийин Таш-Көмүр шаарындагы кирпич заводунда, кийинчерээк Таш-Көмүрдүн түндүк көмүр шахтасында 3 жылдай шахтер болуп эмгектенген.

«Согуш жылдары кыйынчылык көп болду. Ачарчылыкта атам бизди май айынан августка чейин алгы деген чөптү кайнатып багып, андан соң мергенчилик кылып кийик, эликтин эти менен бакты. Бизге кошуп 3-4 үй-бүлөнү багар эле. Ачарчылыктын айынан көп адамдар каза болду», - деди Э.Токторбаев.

Ал белгилегендей, 1962-жылы алгач Токтогул анан Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Нолевой ГЭСтердин курулушуна катышкан.

«Мен баардык ГЭСтердин курулуша катыштым. Тажикстандагы Нурек, Россиядагы Саяно-Шушенский ГЭСтеринин курулушуна да катыштым. Башында аскага чыгуучу болуп иштеп жүрдүм, кийин монтаж кылуучу, ширетүүчү болуп эмгектендим. Өмүр бою ушул ГЭСтердин курулушунда иштедим», - дейт ал.

Э.Токторов эмгектин ардагери. Анын 4 баласы 2 кызы, 16 небереси, 2 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×