Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.10.2015 11:00

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Улан үйлөнүү тоюнда жаш жубайлар учура турган көгүчкөндөрдү багат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 25 жаштагы тургуну Улан «Кара-Көл» кафесинде көгүчкөн багып иштейт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган кафенин администратору Айжамал айымдын айтымында, Улан бул кафеде көгүчкөндөрдү жана гүлдөрдү кароо менен алектенет. Ал сөздү укканы менен, сүйлөй албайт.

«Көгүчкөндөрдү караганды жактырамын. Алар назик, ар дайым түгөйү менен чогу бири-бирине кам көрүү менен жашайт. Айрыкча эркеги камкор келет. Булар жылына эки жолу гана балапан чыгарышат. Эң кызыгы жылына төрт эле жумуртка тууйт. Маселен жазда чыгарган балапанынын бири кыз, экинчиси бала. Экөө чоңоюп, кайра түгөй болушат. Жумурткасын басып жаткан кезде ургаачысы жем жегени чыкканда, эркеги жумурткаларды муздатпай түгөйүнүн ордуна басып турат. Азыр мен 4 көгүчкөн, 2 жупту карап жатам. Күнүгө жем берем, көбүнчө дан өсүмдүктөрдү жешет. Күн караманын даны, буудай, жүгөрү жана гречканы дагы жакшы жейт, суу ичишет», - деп Уландын түшүндүргөндүгүн Айжамал айым айтып берди.

Бул көгүчкөндөр ушул кафеге тийиштүү, алар үйлөнүү үлпөт тоюндагы жаш жубайлар үчүн багылат.

Ар бир жаш жубай үйлөнүү тоюна учуруу үчүн 500 сом төлөшөт. Көгүчкөндөр көккө көкөлөп учуп, кайра өздөрү жашаган уяларына учуп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×