Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.10.2015 13:30

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү №89 кесиптик лицейдин директору Ж.Кыдыкеева сөз баккан адам катары жаңылмачты мыкты айтат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин директору Жыпаркүл Кыдыкеева 15 жылдан бери тогуз коргоол ойноп, ар түрдүү сынактарга катышып келет.

Ж.Кыдыкеева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1984-жылдан бери №89 кесиптик лицейде иштеп, 19 жылдан бери бул мекеменин директору болуп эмгектенет. Кесиби боюнча энергетик.

Ал бош убактысын бекер өткөрбөйт. Кээде ыр жазат, макал-лакап, жаңылмачты жакшы айтат. 15 жылдан бери тогуз коргоол ойноп, республикалык, облустук, шаардык деңгээлдеги сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.

«Мааниси жок, орунсуз сүйлөгөн адамдарды эч ким сыйлабайт, тоготпойт. Ошон үчүн сөздү багып, туура колдоно билүү керек. Кыргыздын макал-лакаптарынын баары турмуштан алынган, таамай айтылган. Сүйлөө учурунда аны туура колдонсок өткүр болот», - дейт Ж.Кыдыкеева.

87

54

63

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×