Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.10.2015 12:48

Айыл турмушу: Кара-көлдүк фельдшер Г.Исакова окуучулук кезинен тарта дастан айтат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 35 жаштагы тургуну Гүлзат Исакова окуучулук кезинен тарта дастан айтат.

Г.Исакова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал кесиби боюнча мээрман айым. Камбар-Ата ГЭСинде 15 жылдан бери фельдшер-мээрман айым болуп иштейт.

«Дастанды 7-класста окуп жүргөндө айтып баштадым. Ошол кезде «Мээрим» фондусу жаш таланттарды колдогон «Алтын балалык» өңдүү республикалык кароо-сынактарды өткөрчү. Ошол кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Акыркы 15 жылда дастан айтууга убакыт болбой, комуз чертпей калгам. Эми «Сармерден» сынагына катышып жатам», - дейт ал.

Ал «Эненин каты», «Өрүк комуз» аттуу дастан ырларын аткарат.

«Мурда көп дастандарды билчүмүн, азыр көбүн унутуп калыптырмын. Дастан айтуу оңой эмес. Анда айтылып жаткан муң-кайгыга толгон ыр саптарды үндүн коштоосунда ыргактуу кылып, элдин жүрөгүнө жеткире айтуу керек. Мында дастанчынын үнү уккулуктуу болушу зарыл», - деди дастанчы айым.

Г.Исакованын 3 баласы бар.

 83

84

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×