Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.10.2015 10:35

Айыл турмушу: Кара-көлдүк мугалим Н.Жетигенова кесиптештеринен манас айтуу өнөрү менен айырмаланат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 31 жаштагы тургуну Нурзада Жетигенованын кесиби химия мугалими болгону менен манас айтуу өнөрү да бар.

Н.Жетигенованын айтымында, ал 9 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинде химия мугалими жана социалдык мугалим да болуп иштеп келет.

«Өткөн жылы кыргыз тили майрамына арналган жарышта Кара-Көлдөн чыккан Салимбай манасчы менен айтышып, упайларыбыз тең чыккан. Ошондо манас айтуу өнөрүмдү көпчүлүгү баалаган экен. 21-октябрда маданият үйүндө болгон «Сармерден» сынагына чакырышты. Бул жарыш бүтүндөй Кара-Көлдөн чыккан таланттуу, өнөрлүү адамдардын башын кошуп, эл алдына кызыктуу айтыш тартуулады. Мага байкалбаган манасчылык өнөрүм, башкалардын түрткүсү, колдоосу менен өркүндөп жатат», - дейт Н.Жетигенова.

«Манас айтуума окуучулук кездеги кыргыз тил сабагынан берген агайым Б.Батыркуловдун салымы чоң. Анткени, ошол кездеги агайымдын берген билими менен учурда манас айтуудамын. Ошондой эле, бош убактымда шырдак шырып, жөрмө басууну жактырам. Кээ бир адамдар манас айтуу өнөрүн көтөрө албай, ооруп калат деп укканым бар. Ошол себептен мындай өнөргө этияттык, тактык менен мамиле жасоо керек деп ойлойм», - деди манасчы айым.

70

63

54

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×