Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.10.2015 11:16

Айыл турмушу: 40 жылдан ашык Нарын ГЭСинде эмгектенген кара-көлдүк Н.Чугурина гүлдүн 20дан ашык түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 64 жаштагы тургуну Нина Чугурина үйүндө георгина гүлүнүн 20дан ашык түрүн өстүрөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Н.Чугуринанын айтымында, ал короосунда георгинадан башка хризантеманын 15 түрүн, розанын 10 түрүн өстүрөт.

«Мен гүлдөрдү аябай жакшы көрөм. Ошон үчүн мүмкүн болүшүнча гүлдүн баардык түрүн өстүргөнгө аракеттенем. Үйдүн ичинде дагы гүл өстүрөм. Өзгөчө фиалканы жактырам. Менин бакчамдагы гүлдөрдүн баары жаздан, кеч күзгө чейин кезеги менен гүлдөй берет. Мен алардын гүл ачканынан ырахат алам»,- деди Н.Чугурина.

Н.Чугурина кесиби боюнча энергетик. 43 жылдан бери Нарын ГЭСинде эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×