Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.10.2015 09:30

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну З.Гейслер георгина гүлүнүн 20дан ашык түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Зинаида Гейслер георгина гүлүнүн 20дан ашык түрүн өстүрөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

З.Гейслердин айтымында, ал 1983-жылдан бери гүл өстүрүп келет жана бул анын хоббиси.

«Эң өкүнүчтүүсү короомдун кичинекей болгондугу. Эгер чоң болсо, бардыгына гүл өстүрмөкмүн. Менин атам гүлдү жакшы көрчү, ошол себептен бала кезимен бери гүлдү жакшы көрөм. Аларга болгон кызыгуу атамдан өтсө керек. Атам кайсыл жакка иш сапары менен барбасын гүлдүн түрдүү уругун сатып келчү. Менде георгина гүлүнүн 20дан ашык түрү өсөт. Андан сырткары, көптөгөн гүлдөрдүн түрлөрү бар. Россияга барганда ал жактан атайын гүлдүн көчөттөрүн же уруктарын ала келем. Гүлдү үзгөндү жаман көрөм, анткени ал бат эле соолуп калат. Ошол себептен гүлдөрдү үзбөгөнгө аракет кылам. Кеч күздө жана суук болгондо дагы эшикте өсөт», - дейт З.Гейслер.

З.Гейслер белгилегендей, ал орто билимдүү. 1973-жылдан баштап 2010-жылга чейин Нарын ГЭСинде байланышчы болуп иштеген. 3 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×