Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.10.2015 10:39

Айыл турмушу: Меккеге барып, башка адам болуп келдим, - Кара-Көлдөгү айымдардан биринчилерден болуп ажыга барган А.Эгембердиева (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 61 жаштагы тугуну Алымкан Эгембердиева Кара-Көл шаарындагы айымдардан биринчилерден болуп ажылыкка барып келди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Эгембердиеванын айтымында, анын ажыга баруусуна улуу баласы Талантбек түркү болгон. Баласы 2001-жылы жубайы менен ажыга барып келген. Учурда үй-бүлөсү менен намаз окуп, ыйман жолунда.

«Балдарымдын кенжеси ажыга алып барам деп ниет кылчу. Тун балам Талантбек өзү алып барам деп калды. Бирок, белгилүү бир себептер менен өзү баралбай, мени менен таекесин жөнөттү, себеби жолдошум көп жыл мурун каза болгон. Ажыга аял киши бир тууган иниси же агасы, күйөөсү же болбосо баласы менен баруусу шарт экен. Ажыга болгон сапарыбызда биринчи Жийде шаарына учак менен кондук. Андан соң, Кааба шаарына жол тарттык. Толук ажы сапарыбыз 1 ай 4 күнгө созулду. Аэропорттон түшкөндөн кийин өзүмдү эркин сездим. Канча улуттун өкүлү болсо да бири-бирине тике карап, жаман сөз айтып же урушкан учурлар болгон жок. Биринчи барганда ажылыкка 8 млн зыяратчы келди дешкен, кийин биз кайтып жатканда зыяратчылардын саны 12,5 миллионго жеткени маалым болду. Ошончо адам болсо да бири-бирин сыйлап, башкача жагымдуу сезимдер менен бир туугандай мамиледе жүрдүк. Тилибизди түшүнбөсөк да дилибизди түшүнүп жаттык», - дейт А.Эгембердиева.

Ошондой эле, ал Меккедеги Кааба ташынын кереметине жана ал адамга өзгөчө таасир бергендигине күбө болгондугун айтып берди.

«Кааба ташты 7 ирет айланып, андан соң, Марфа менен Арафат тоолорунун ортосунда 7 жолу чуркап, сыйынып, зыярат кылдык. Каабаны 7 ирет айланганча 2 сааттан кээде 3-4 сааттай убакыт кетет экен. Эл аябай көп болуп айланат. Мен эки ирет Каабага колумду тийгизгенге үлгүрдүм. Колум тийген мүнөттөрдө керемет сезимдерге туш болот экенсиң. Жүрөгүм бүтүндөй эзилип, зыярат кылуудан жүрөгүм, дилим тазарып, ыйлап жаттым. Бул жерде балдарымды, үй-бүлөмдү эстесем, ал жерде Кыргызстанды эстеп, кыргыз жергесине тынчтык, жакшылык тилеп жаттым. Өтүп кеткен ата-энелериме дуа кылдым. Мен Меккеге барганга чейин башка адам болсом, ажылыктан соң, башка адам болуп келдим. Жан дүйнөм, дилим, жүрөгүм тазарды. Мен азыр колумдан келишинче жакшы иш жасаганга умтулам», - дейт ал.

«25 күн Кааба таштын тегерегиндеги жатаканаларда жаттык. Айша эненин мечитине барып сыйындык. Анткени, Мухаммед пайгамбар аялдарынын ичинен Айша энени жакшы көрчү экен. Өлөр алдында дагы анын тизесине башын коюп, көз жумганын айтышты. Биздин топто 50 адам зыярат кылып жүрдүк. Ал жерде элдин көптүгүнөн адашып калышың ыктымал экен. Ошол себептен биздин топтогу эркектер кол кармашып, аялдарды тегеректеп зыярат кылып жүрдүк. Аба-ырайы 50-60 градус ысык болду. Ошондуктан, зам-зам суусу мечиттердин бардыгында бар экен. Бир ай 4 күндүк ажылык сапарыбызда Меккенин ыйык жерлерин көрүп, таанышып чыктык», - деди А.Эгембердиева.

Мындан тышкары, ал 3 жылдан бери жамгыр жаабаган Меккеде ажылык сапар учурунда жамгыр жаагандыгын белгиледи.

«Жамгыр жааганда арабдардын абдан сүйүнгөнүн көрдүк. Кичинекей балдар жүздөрүн тосуп, сүйүнүп ойноп жатышты», - деди ал.

Белгилей кетсек, А.Эгембердиеванын 4 уулу 1 кызы, 14 небереси бар. Учурда пенсионер.

14

9

13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×