Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.10.2015 18:21

Айыл турмушу: Коомдук иштерге активдүү катышкан 70 жаштагы А.Машаева байбичелерден турган «Аялзат» ансамблин жетектейт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Аймира» коомдук фондусунун төрайымы Анаркүл Машаева 70 жашка чыгып калса дагы коомдук иштерге активдүү катышып келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Машаеванын айтымында, ал кесиби боюнча физика жана математика сабагынан мугалим. 27 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, жөнөкөй мугалимден тарта мектеп директоруна чейин жеткен.

Учурда Сузак районунун Багыш айылынын айылдык кеңешинде депутат, аялдар кеңешинин төрайымы жана 60тан ашып калган байбичелерден турган «Аялзат» аттуу ансамблди жетектейт.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда биздин ансамбль «Жер эне» деген ыр менен бет ачар аземин баштап бергенбиз. Ошондой эле, биздин ансамбль «Энелер тынчтыкты каалайт» деген ураан менен жер-жерлерди кыдырып, концерт коюп турат», - дейт А.Машаева.

Анын айтымында, ал акыркы жаңылыктарды интернеттен окуп турат. 1998-жылдан баштап өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келет, 2000-жылдан баштап расмий түрдө «Аймира» коомдук фондун жетектейт.

Бугүнкү күндө Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү кайра калыбына келтирүүчү борборунда атайын долбоорду ишке ашырды.

«Буга чейин көп эле долбоорлор менен иштедим, бирок бул социалдык тапшырык менен биринчи ирет иштеп жатам. Кыйынчылыктар болду, бирок баарына чыдап, ийгиликтүү аткара алдык», - деди А.Машаева.

А.Машаева мындан сырткары, улуттун саламаттыгына дагы кам көрүп келет. Бул жаатта жакында облустук деңгээлде демилге көтөрүп, аким, облустун губернаторун чакырып күнүмдүк пайдалануучу окорочка, китлап, газдалган суусундуктарды колдоонууну жоюуну сунуштаган.

Бул иш-чарага катышкан дарыгерлер, мамлекеттик чиновниктер дагы бул демилгени облустук деңгээлге алып чыгууну колдошорун айтышты.

«Азыркы жаштардын көбү оорулуу. Айрыкча кыз-келиндер арасында миома өңдүү оорулар көп болууда. Мындай азык-түлүктөрдү колдонуу ден соолукка зыян болууда. Ошон үчүн нанга ачыткы колдонуу керек. Кургатылган мөмөлөрдөн кайнатып компот ичип, талкандан жарма жасап ичүү ден соолукка пайдалуу. Тоокту өзүбүз багып, этин, жумурткаларын жесек абдан жакшы», - деди А.Машаева.

Тема боюнча: Фото — Сузак районундагы «Аялзат» фольклордук тобу 6 жылдык отчеттук концертин берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×