Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 12.10.2015 16:43

Ноокен районундагы мектептерге 37 мугалим жетишпейт

Turmush -  Ноокен районундагы жалпы билим берүүчү 55 мектепте 22 миң 411 окуучу билим алууда. Аларга 1483 мугалим билим-тарбия берүүдө.

Райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, райондун мектептеринде өзгөчө англис тили, математика, физика, орус тили, химия, кыргыз тили сабактарынан окутуучу 37 адис жетишпейт.

«2014-2015-окуу жылында кыргыз тилдүү Семетей атындагы №35, Турусбеков атындагы №16, Абдразаков атындагы №10 жана Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектептерине орус тили жана адабияты класстары ачылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×