Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.10.2015 11:16

Жалал-Абад шаарында орус тилин акысыз үйрөтүүчү борбор ачылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында орус тилин окутуу борбору ачылды, деп билдирет өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай окутуу борборун ачуу тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен өкүл Жумагүл Эгембердиеванын жолугушуусунда талкууланган.

Орус тилин үйрөтүү борборунда окутуу акысыз жүргүзүлүп, окуу куралдары Бишкек шаарындагы Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университети тарабынан каржыланат.

Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, ал Жалал-Абад шаарына орус тилин окутуу борборун ачуу максаты менен келген.

«Келечекте ушундай эле орус тилин окутуу борборун Майлуу-Суу шаарында ачууну максат кылып жатабыз. Бул иш аракеттер Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилени жакшыртуу жана бекемдөө максатында ишке ашууда», - деди элчи Крутько.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×