Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.10.2015 17:45

Айыл турмушу: Кара-көлдүк эки кесиптеш кышкысын тоңбой турган жер-жемиштердин уругун септи (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 52 жаштагы тургуну Евгений Самсонов менен 65 жаштагы Жеңиш Ташматов бош убактыларында дыйканчылык менен алектенишет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ж.Ташматовдун айтымында, ал кесиби боюнча энергетик, учурда электр куроочу болуп эмгектенет.

«Иштен үйгө келгенде биринчи эс алып, андан соң жашылча-жемиштерди сугарам. Азыр күз мезгили болгондуктан жазга даярдыкты баштадым. Жерлерди казып, сарымсак, картөшкө, укроп эгип койдум. Булардын баары кышкысын тоңбойт, кар алдында жата берет. Жазында күн жылыганда өсүп чыгат. Учурда жаңы казып баштаган жерге кулпунай отургузам», - деди Ж.Ташматов.

Анын кесиптеши Е.Самсонов дагы жазга карата сарымсак менен укроптун уругун сепкендигин билдирди.

«Жыл сайын күзүндө сарымсак менен укроптун уругун себем. Кеч күзгө чейин тамыр алып, көктөп чыгып баштаганда кар жаайт. Ошону менен жазында өсүп чыгат. Быйыл короомдун кичинекей бөлүгүнө эккен сарымсактан 7 кг түшүм алдым. Азыр короомдо тамак-ашка кошуучу жашылчанын баардык түрү бар»,  - деди Е.Самсонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×