Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.10.2015 09:48

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 100 жыл жашаган А.Кулназарованын 24 небереси, 64 чөбөрөсү, 5 кыбырасы бар (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Чоң-Таш айылынын тургуну Акай Кулназарова быйыл 100 жашка чыкты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Кулназарованын айтымында, ал 12-13 жашында согуш жылдарында оорукта эмгектенген. Бирок, «Эмгектин баатыры» деген наам албай калган.

«Мен согуш жылдарында оорукта эмгектенип, ачарчылыкты башыман өткөрдүм. Ошол кездеги Ош облусуна караштуу Ленин районунда талаада кетмен чаап иштедим. Ноокедин Рахманжан колхозунда малчы болдум, андан соң, кароолчу болуп иштеп жүрдүм. Бирок, согуш жылдарында эмгектенгеним үчүн «Эмгектин баатыры» наамын албай калдым», - дейт А.Кулназарова.

Ал өкмөт тарабынан Карылардын эл аралык күнүндө гана жардам көрсөтүлгөндүгүнө нааразы.

Учурда А.Кулназарованын 4 кызы, 24 небереси, 64 чөбөрөсү, 5 кыбырасы бар.

3

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×