Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.10.2015 14:58

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Ыманкулов бала кезинен баштаган тайган агытып, куш салуу өнөрүн 78 жашында да улантууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 78 жаштагы тургуну Анарбек Ыманкулов бала кезинен тайган агытып, куш салат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип, куш багуунун сырларын сурады.

А.Ыманкулов мүнүшкөрлүк менен тайган бакканды айылдагы балдарга үйрөтүп, акыл-насаатын айтып турат. Аларга кичинекей кыргый менен ителги тууралуу уламыштарды, алардын жашоосу, кулк мүнөзү жөнүндө айтып берет.

«Куштун эркеги чүйрү деп аталат. Ал ургаачысынан айырмаланып кичинекей болот. Ал эми ургаачысы чоң болот да, экөөнү уруштурганда ургаачысы эркегин жеп коет. Ал эми булар көбөйүү мезгилинде, асмандан учуп жүрүп аргындашат», - деди Анарбек Ыманкулов.

«Тайгандарды багуу түйшүктүү, бирок, кызыктуу. Булар абдан назик келишет. Ошол себептен өтө көңүл буруп кароону талап кылат.

Жан жолдошум тайган деген жаныбар,

Кармашканын жеп койчудай алы бар.

Өз балаңдай алпештебей жөн койсоң,

Ал таарынып кетип калар жагы бар», - деп А.Ыманкулов өзү чыгарган ырлары менен тайгандары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле алгыр куштар тууралуу жазган ырын окуп берди.

Ит агытып, куш салмай, атадан калган салтыбыз,
Өздөштүрсөк бул ишти, көтөрүлөт баркыбыз.
Каада-салтты бийик тутуп, өнөрлөрдү өрчүткөн,
Аман болсун, ала-тоолук, ак калпактуу калкыбыз.

Кагылайын келечегим тирегим,
Араңарда улук чыгат билемин.
Эли үчүн кызмат кылса экен деп,
Силер үчүн согот менин жүрөгүм.

Бүркүт болсо алгырлардын улугу,
Көргөн, билген жалган дебес мунуму.
Жайык мүрү, көзү жайнап чакчайып,
Көргөн жанга бир ааламат туруму.

Бул дүйнөдө ар бир жандын баркы бар,
Иштермандын атагы бар, даңкы бар.
Мына ушундай алгырлардын ичинен,
Ителгинин тепкич деген анты бар.

Куш дегениң бир өзүнчө төрөбүз,
Биз буларды чүйрү кушка бөлөбүз.
Жаныбардын алгырлыгын, үзүрүн,
Жакшы таптап, салсак анан көрөбүз.

Кууп жүрүп илип кетет чымчыкты,
Кыйгырың да далайлардан, тың чыкты.
Колго түшсө, үйрөткөнгө көнбөстөн,
Өзү чакан далай куштан, чыр чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×