Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.10.2015 14:57

Жалал-Абадда мугалимдер окутуунун эң мыкты усулун үйрөнүүдө

Turmush -  Кечээ, 1-октябрдан тартып Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү борбору мугалимдердин билимин өркүндөтүү үчүн 2 апталык курстук окууну баштады. Бул тууралуу усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, курс 10 сабак боюнча өтүлүүдө.

«Окууга мектеп директорлору, анын орун басарлары, мугалимдер катышууда. Курстун жүрүшүндө мугалимдер жаңы технология менен окутууну, интерактивдүү такта менен иштөөнү үйрөнөт. Эң алдыңкы окутуу усулу менен таанышат», - деди А.Токтосунов.

Облустагы 473 мектепте 15 миңден ашык мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×