Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 02.10.2015 13:44

Жалал-Абад облусунда быйыл 500гө жакын жаш мугалим мектепке орношту

Turmush -  Жалал-Абад облусунда быйылкы жаңы окуу жылында педагогикалык окуу жайын бүтүп келген 488 жаш мугалим жалпы билим берүүчү мектептерге жайгашты.

Облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Токтосуновдун ырастоосунда, жаш мугалимдер көбүнчө Сузак, Токтогул, Аксы, Ноокен райондорундагы мектептерге келишкен.

Маалым болгондой, учурда облуста 469 жалпы билим берүүчү, 4 жеке менчик мектеп бар. Андагы мектептерде сентябрь айынан тартып 210 миңден ашуун окуучу билим алып баштады. Бул окуучуларга 15 миң 282 мугалим билим, тарбия берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×