Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.10.2015 11:44

Айыл турмушу: Согуш жылдарында оорукта эмгектенген кара-көлдүк О.Субанова 102 жашка чыкты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Орозбү Субанова быйыл 102 жашын белгиледи, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

О.Субанова учурда 62 жаштагы кызы Асылкан Субанованын үйүндө жашайт.

«Жаштыгымдын кырчын жылдары согуш жылдарына туура келди. Согуш жылдары оорукта буудай ордум, жер кетмендедим. Токтогулдун Шевченко айылында колхоздо, андан соң совхоздо эмгектенип, эгин эккен таалааны суугардым. Пахта тердим, 20 жылдай саанчы болуп иштедим. Согуш учурунда ачкачылыктын айынан алгы деген чөптүн тамырын, өрүктү сууга кайнатып ичкен күндөр болду. Көптөгөн адамдар жакындарынан ажырады. Мындай согушту эч бир элге каалабайт элем», - дейт О.Субанова.

Ал орукта эмгектенгени менен «Эмгектин баатыры» деген наамын албай калгандыгын белгиледи.

Кызы Асылкан Субанованын айтымында, Орозбү Субанова 4-класска чейин гана окуган. ««Эмгектин баатыры» наамын алууга мыйзамды билгендер, билимдүүлөр гана умтулуп, аракет кылып, алып алышкан», - дейт кызы А.Субанова.

Учурда Орозбү Субанованын 22 небереси, 3 чөбөрөсү бар.

52

53

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×