Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.10.2015 14:59

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 50 жыл бирге жашаган жубайлар бактылуулуктун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундары, жубайлар Жоломан Садабаев менен Шарапат Садабаева баш кошуп, чогуу түтүн булаткандарына быйыл 50 жыл болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлардын айтымында, алар 1965-жылы баш кошушкан.

«Турмуштун ачуусун, таттуусун дагы бирге өткөрдүк. 5 балабыз, 13 небере, 3 чөбөрөбүз бар. Жолдошум экөөбүз тең Т.Темиров атындагы №6 орто мектепте мугалим болуп иштедик. Мен кыргыз тилчи болуп 33 жыл, ал эми жолдошум англис тили сабагынан мугалим болуп 47 жыл иштеди», - дейт Ш.Садабаева.

Алардын айтымында, 50 жыл берге жашап, түтүн булатуу оңой эмес.

«Турмушта жакшылык жана кыйынчылык дагы болот. Алардын баарын көтөрө билүү керек. Тоскоолдуктарды бирге жеңе билүү зарыл. Үй-бүлөдө жубайлар бири-бирин колдоп, түшүнө билишсе, кыйынчылыктарда бири-бирине жөлөк болушса, бактылуу боло алышат», - дейт ал.

Ошондой эле, алар жаштарды чыдамкай болууга чакырып, үй-бүлө куруу алдында терең ойлонуу керектигин белгилешти.

«Жубайымдын мүнөзү жумшак. Экөөбүз бирге 5 балага татыктуу тарбия бердик. Өмүр бою мугалим болуп иштедик», - дейт Жоломан Садабаев.

68

69

70

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×