Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.09.2015 16:40

Айыл турмушу: Аксынын 54 жаштагы тургуну 10 жылдан бери тоонун чокусуна Кыргызстандын желегин илип, элди патриоттуулукка үндөп келет (фото)

Turmush -  Аксынын Кара-Суу айылынын тургуну Исман Шатманов 10 жылдан бери тоонун чокусуна өлкөнүн желегин дайыма илип келет. Ал өлкөнүн баардык аймагында кыргыз желеги желбиреп турса деп кыялданат.

«Алгачкы жолу айылдагы тоонун чокусуна желекти илгенде таң калгандар да болгон. Эми минтип желекти жыл сайын Эгемендүүлүк күнүндө жаңылап, майрамды өзгөчө тосом», - дейт ал.

«Ар бир адам мекенчил болушу керек. Мен сыналгы көргөндө башка өлкөлөрдө биздин желек желбиреп турса абдан кубанам. Ар бир адам өз өлкөсүнүн желеги желбирегенине кубанса керек. Эгемен өлкөдө жашап, желегибиз көктө желбиреп турганы өзгөчө ырахат тартуулайт» , - деп кошумчалады ал.

«Мындан 10 жыл мурда айылдын өйдө жагындагы тоонун башына желек илсе кандай болот деп ойлонуп, бирок аскалары бийик болгондуктан адам чыга албайт деп ойлоп жургөм. Айылдаштарым ал тоого бир жеринен асылып чыкса болот деп айтышты. Бир күнү атайын желек алып, тоонун чокусуна чыгып желекти илип койдум. Ошондон бери жыл сайын Эгемендүүлүк майрамын ушул тоонун башында тосом» , - дейт ал.

Жаш кезинде спортчу болгон И.Шатманов азыр темир устачылык менен алектенет. Желектин кездемеси күнгө күйүп кала бергендиктен эми темирден желек жасоо аракетинде.

«Тоонун башында илинип турган желекти атайын өзүм тиктирем. Базарда сатылып жаткан арзан баадагы сапатсыздарын албайм. Себеби алар тез эле айрылып, күнгө күйүп калат экен. Желектин кездемелерин атайын Бишкек шаарынан сатып алып, жубайыма тиктирем. Ал колго тигилген желек бир жылга чейин чыдайт. Азыр ал жерге атайын темирден желек жасап, жыл сайын боеп турсамбы деп жатам. Бул желек элге чоң таасир берип, элдин жашоого болгон кумарын арттырат деп ойлойм», - дейт И.Шатманов.

Каарманыбыз желектер мамлекеттик мекемелердин алдында илинбей турганына капаланып, тойлордогу картеждерде жаштар желекти оюнчук катары пайдаланып жатканын айтып, аларга тыюу салыш керек деген пикирде.

«Мамлекеттик желекти биз кадырлап сыйлашыбыз керек. Ал улуттун жүзү. Бирок азыркы учурда мамлекеттик мекемелер желекти илбей адамдын зээнин кейитет. Мен айрым учурларда айылдагы ичип мас болгондорду урушуп, эмгектенип эгемен өлкөдө жашап жатканыңа кубан деп айтам. Улуу адамдардан жаштар сабак алып таасирленип жашашат. Кыргызстандын баардык тоолорунда кыргыздын желеги желбиреп турса кана», - дейт И.Шатманов.

Шатманов айылдагы жаш балдардын баарысы мекенин сүйгөн патриот болуп чоңойсо деп тилейт. Ал илген желектин жаштарга пайдасы чоң деп эсептейт.

И.Шатманов азыр 54 жашта. 3 уул, 2 кыз жана 1 неберенин атасы. Үйүндө темир устачылык менен алектенет. «Өмүрүм өткөнчө элге таасир берүүчү желекти илип өтөм», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×