Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.09.2015 12:28

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну Н.Кенжебаев 50 сотых жерге картөшкө эгип, 5 тонна түшүм алды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын 42 жаштагы тургуну Назир Кенжебаев 50 сотых жерге картөшкө эгип, 5 тонна түшүм алды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Н.Кенжебаевдин айтымында, жылына 50 сотых жерге картөшкө эгип, 10 тонна түшүм алчу. Быйыл кургакчылыктан улам түшүм аз алган.

«Үй-бүлөдө 6 балабыз бар. Негизги киреше булагыбыз дыйканчылык жана мал чарбачылыгы. Былтыр 10 тонна картөшкө алып, анын 1 килограммын 10 сомдон сатып, 100 миң сом киреше тапканбыз», - дейт дыйкан.

Н.Кенжебаев белгилегендей, быйыл ал 1 килограмм картөшкөнү 13 сомдон сатууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×