Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 29.09.2015 12:03

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Ө.Добулбеков эски «Волгадан» жасалган оригиналдуу жүк ташуучу жеңил унаа менен алма ташыйт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылынын 33 жаштагы тургуну Өмүрзак Добулбеков 4 сотых жерден быйыл 1 тонна алма түшүмүн алууну пландоодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ө.Добулбековдун айтымында, анын багында 8 түп алма бар. Быйыл түшүм жакшы болууда.

«Багымда алманын бир нече түрлөрү бар. Бүгүн сатуу үчүн шаарга 100 кг «жанат» сортундагы алма алып келдим. Анын 1 килограммын 20-25 сомдон сатып жатам», - дейт ал.

Ө.Добулбеков белгилегендей, ал совет доорунда чыккан «Волга» үлгүсүндөгү жеңил унааны 50 миң сомго сатып алган. Унаанын мурунку кожоюну 10 миң сомго атайын кузов сатып алып, «Волгадан» жүк ташуучу унаа жасаган.

«Жүк ташуучу унаа болуп жасалганы жакшы болду. Анткени, айыл жеринде мындай унаалардын пайдасы тийип жатат. Болбосо, бул «Волга» чирип, жок болмок. Бул унаа менен базарга алма ташып келем. Техникага экинчи өмүр берип, оригиналдуу жүк ташуучу жеңил унаа жасаган адам мактоого татыктуу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×