Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.09.2015 15:31

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну А.Батыров кайналыдан 2 тонна түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Актам айылынын тургуну Апсамин Батыров быйыл кайналыдан 2 тонна түшүм алууну пландоодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Батыровдун айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу кайналынын түшүмү жакшы болду.

«Жубайым, келиним менен кайналынын данегин алып, чатырдын үстүнө жайып, кургатышат. Ал эми уулум экөөбүз чогултуп, ташып беребиз. Башкалар кайналыны кургатпай 30 сомдон сатып жатышат. Биз болсо, кайналыны кургатып, как болгондо анын килограммын 120 сомдон сатабыз. Мындан сырткары, короомдо алманын 5 түрүн өстүрөм», - дейт А.Батыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×