Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.09.2015 09:41

Айыл турмушу: Аксы районунун 28 жаштагы тургуну 700 кг кара өрүктү бир учурда кургата турган чакан цех ачты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Мукур айылынын 28 жаштагы Асылбек аттуу тургуну кара өрүк кургатуучу чакан цех ачты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Асылбектин айтымында, кара өрүк кургатуучу чакан цехти ачууга 100 миң сом каражат сарптаган.

«Былтыр жайында цехти толук куруп бүтүп, кара өрүк кургаттым. Өз чыгымын актап, 56 миң сом таза киреше таптым. Какты сатуудан түшкөн каражаттын жалпы суммасы 156 миң сомду түздү. Тапкан пайдама мал сатып алдым», - дейт ал.

Ошондой эле, ал бул чакан цехте бир учурда 700 кг кара өрүк кургатыла тургандыгын белгиледи.

«Мындай кара өрүк кургатуучу цехтердин саны жылдан жылга көбөйүп, атаандаштык күчөп бара жатат. Маселен, менин кургатуучу цехиме бир салганда 700 кг кара өрүк батат. Ар бир кардардын кара өрүгүн 1 күндөн 3 күнгө чейин бир нече жолу салып кургатып берем. Ар бир кургатууга кеткен убакыт 13 саатты түзөт. Баарын кургатып бүткөн соң, таразага тартып, 40% какты акы катары алып калам же болбосо 1 килограммын 7-8 сомдон алам», - деп кошумчалады Асылбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×