Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.09.2015 13:21

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Д.Усупбаев энергетика тармагында 50 жылга жакын эмгектенген (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 64 жаштагы тургуну Доулбек Усупбаев 47 жыл өмүрүн Кыргызстандын энергетика тармагына арнаган, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Д.Усупбаевдин айтымында, ал Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетинде энергетикалык станция багыты боюнча билим алган.

Биринчи эмгек жолун 1968-жылы электр куроочу болуп иштөөдөн баштап, 1969-жылы Нарын ГЭСке которулуп, электр куроочу кызматын уланткан.

1970-72-жылдары Германия өлкөсүндө аскердик кызматын өтөгөн. 1972-74-жылдары Нарын гидро электр курулушунун алдындагы суу тосмо түйүндөрүн куруучу башкармалыгында эмгектенген. 1980-жылы Күрп-Сай ГЭСте электр цехтин башчысы болуп иштеген. 1985-жылы Таш-Көмүр ГЭСте жетекчи, 2000-жылы Үч-Коргон ГЭСинде башчылык кызматын аркалаган.

Учурда Токтогул ГЭСте агрегаттарды оңдоп-түзөө жана жаңылоо боюнча жетектөөчү инженер болуп иштеп келет.

«47 жыл энергетика тармагында иштедим. Ош, Бишкек ЖЕЦтерде эмгектендим. Кайсыл кызмат болбосун чын көңүл менен кызмат өтөдүм. Үч-Коргон, Таш-Көмүр өңдүү ГЭСтерде уюштуруу иштерин жасадым», - дейт ал.

Д.Усупбаев бош олтурганды жаман көрөт. Үйүндө багбанчылык жана дыйканчылык менен алектенет.

«Жаш кезде шахмат, волейбол, баскетбол ойночумун. Азыр бокс, футбол оюндарына кызыгам. Алдыңкы, заманбап техникалар жөнүндөгү кабарларды көп окуйм, жаңылыктар менен таанышып турам», - деп билдирди ал.

Энергетика тармагында көп жыл иштегендиги үчүн Д.Усупбаев көптөгөн сыйлыктарга, Ардак грамоталарга жана төш белгилерге ээ болгон.

Д.Усупбаевдин 4 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×