Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.09.2015 12:22

Айыл турмушу: Кара-көлдүк жубайлар Баткенден алып келген кургатылган мөмө-жемиштин 24 түрүн сатып, киреше табышат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундары, жубайлар Бактыбек Шукуралиев менен Тургунай Шукуралиева кургатылган мөмө-жемиштердин 24 түрүн сатуу менен киреше табышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлардын айтымында, алар кургатылган мөмө-жемиштерди Баткен облусунан алып келишет. Мындан тышкары, алар 3 гектар жерге жашылча-жемиштердин түрүн айдашкан.

«Быйыл жашылча-жемиштердин түшүмү жакшы болбой, мээнетибиз акталбай калды. Анткени, жашылча-жемиштер жаңыдан бышып, базарга чыга баштаганда Өзбекстандан жашылча-жемиш ташыган адамдар көбөйүп, базарды коңшу өлкөнүн дыйкандары каптады. Ошол себептен кыргыз дыйкандары өз продукцияларын сата албай, чыгым болушту», - деп билдиришти алар.

Мындан тышкары, алар өкмөт тарабынан жергиликтүү дыйкандарга көмөк көрсөтүлүп, Өзбекстандан, Тажикстандан келген дыйкандарга чек коюлса деген пикирде.

«Биз кургатылган мөмө-жемиштердин түрүн сатуу менен айына 12-13 миң сомдон пайда көрөбүз. Аз дегенде 7-9 миң сомго чейин киреше алабыз», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×