Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.09.2015 11:31

Айыл турмушу: Таш-Көмүрдүн тургуну М.Баймуратова малина өстүрүү менен жылына 2 жолу түшүм алды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын 58 жаштагы тургуну Майрам Баймуратова малина сатуу менен кошумча киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Баймуратованын айтымында, ал малинаны Кадамжай районунан сатып алып, Бишкек шаарына жөнөтөт.

«Малинаны өстүрүү талыкпаган мээнетти талап кылат. Аны өстүрүү менен бир жылда эки жолу түшүм алса болот. Маселен, малинанын биринчи мөмөлөрү бышып бүткөндөн соң, анын көчөтүн кыркып, эки жагына казык орнотуп, ал казыктарга зымдан тарткыч байлап, ошол тарткычка ар бир түп малинаны байлап чыгам. Мындай жол менен экинчи түшүм алса болот», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал Кара-Көлдүн базарына малина алып чыгып, килограммын 150 сомдон сатат.

«Бир сатканда 300 кг малина сатам. Оштон анын 1 килограммын 100 сомдон алып келем. Ага 50 сом кошуп сатып, 1 килограммдан 20 сомдон пайда көрөм», - дейт ал.

М.Баймуратова билдиргендей, ал 30 жыл Таш-Көмүрдөгү Кристал заводунда эмгектенген. Завод иштебей калгандан кийин соода тармагына өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×