Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.09.2015 10:07

Айыл турмушу: Токтогулдук жубайлар жашылча-жемиштердин түрүн сатуу менен күнүнө 4 миң сом киреше табышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун тургундары, жубайлар Тукушалиев Сагынбек менен Рита Нурманбетовалар айыл чарба продукцияларын сатуу менен киреше табышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлардын айтымында, алар 40 сотых жерге жашылча-жемиштердин түрүн эгишкен.

«Биз ишемби күндөрү Кара-Көл шаарындагы базарга келип, соода кылабыз. Өткөн ишембиде 40 кг кара өрүк жана 300 кг картошка алып келип, саттык. Бир күндүк соода кылуудан 4 миң сомдой пайда таптык», - дешти алар.

Жубайлар дыйканчылык менен алектенип, 4 баласын багышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×