При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Ош шаарындагы унаа оңдоочу жайда токтоп турган «Аудиден» өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош шаарындагы Амир Тимур көчөсүнүн №90 дарегинде жайгашкан унаа оңдоочу жайда токтоп турган «Ауди-80» унаасынын кыймылдаткычы күйүп кетти. Ага электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Ноокен айылындагы адырдан 5 гектар куураган чөп күйүп кетти. Өрт өчүрүүгө айылдын 20дан ашык жашоочусу чыкты.

Белгисиз себептер менен Жалал-Абаддын Көк-Жаңак шаарындагы Конституция көчөсүнүн №24 дарегиндеги сарай жана 200 түк беде чөп күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×