Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.09.2015 13:39

Айыл турмушу: Бир колу мунжу, бир колу жок болуп төрөлгөн 25 жаштагы ноокендик уста компьютердин ар бир тетигин оңдоону өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Ноокендин тургуну Назирбек Тайлаков тубаса бир колу мунжу, бир колу жок болуп төрөлгөнүнө карабастан көпчүлүккө үлгү. Ал учурда компьютер оңдоо менен күнүнө 700-1000 сомдун тегерегинде каражат табат.

Масы айылында ачылган компьютер оңдоочу жайдын 25 жаштагы ээси менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти. Аны атайын издеп келип, компьютерин оңдотуп кеткен кардарлардын саны көбөйүүдө.

«Мен 1-топтогу майыпмын. Бир колум жок болсо экинчи колум мунжу болуп төрөлгөм. Бул өнөр менде тубаса болсо керек. Себеби жаш кезимден эле компьютерге кызыгып келгем. 2008-жылдан тартып компьютер оңдой баштадым. Кийинчирээк атайын устакана ачтым. Учурда кардарларым да көп», - деди Н.Тайлаков.

Н.Тайлаков компьютер оңдоонун жолдорун өз алдынча үйрөнгөн. Жогорку окуу жайга да өтүп, бирок шартка байланыштуу окуусун уланта албай калганын кошумчалады.

«Мектепти кызыл аттестат менен аяктагандан кийин чоң окуу жайдан билим алуу максатында Оштогу жогорку окуу жайдын программалоо адистигине тапшыргам. Бир жыл окуп, шартка байланыштуу уланта албай калдым. Окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которгом, бирок аяктаган жокмун. Компьютер боюнча билимим жок болгону менен баардык тетиктерин жакшы билем. Баардыгы аракетиме жараша болуп жатат», - деди ал.

Алдыда Кочкор-Ата шаарына атайын компьютер оңдоочу устакана ачууну пландоодо.

«Азыр компьютердин заманы, бирок биздин райондо бузулган ноутбук, компьютерлерди оңдогон устаканалар аз. Ошондуктан талапка жараша иштерди аткарышыбыз керек. Кочкор-Ата шаарына атайын устакана ачууну пландап жатам. Ал жерде компьютер оңдоочу устаканалар аз болгондуктан талап көп», - деп кошумчалады.

Айрым учурда күнүнө 5-6 компьютер, 5-6 принтер оңдоого жетишет. «Устачылык менин кесибим жана өнөрүм десем да болот. Анын өз түйшүгү жана рахаты бар. Мен адал тамак таап жеп жатам. Тапкан каражатым өзүмө жана үй-бүлөмдү багууга жетет. Күнүнө 5-6 компьютер жана 5-6 принтер оңдогон учурлар болот. Айрым учурда бир эле компьютерди оңдогуча кеч кирип кетет», - деди Н.Тайлаков.

Үй-бүлөсүндөгү 4 бир туугандын эң улуусу. Жакынкы убакта үй-бүлө курууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×