Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.09.2015 11:34

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 78 жаштагы тургуну А.Ыманкулов ат оюндарын биринчи уюштуруп, Т.Усубалиевдин мактоосуна татыган (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 78 жаштагы тургуну Анарбек Ыманкулов Кара-Көл ШИИБдин биринчи башчысы болгон, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Ыманкуловдун айтымында, 1977-жылы Кара-Көл шаары айылдан шаар деген статуска өткөн.

Ошол жылдан тартып ШИИБдин башчысы болуп 1980-жылдын аягына чейин иштеген. Андан соң, Жол кайгуул кызматына өтүп, биринчи Кара-Көлдөгү райондор аралык каттоо-экзамендик бөлүмүн ачып, анын башчысы болуп эмгектенген.

Ал 1977-жылдан тарта 1986-жылга чейин Казакстандын Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебинде билим алган. Милиция кызматкери болуп иштегенге чейин 1963-1966-жылдары Нарын ГЭСинде гидрокуруучу болуп эмгектенген.

«Кара-Көл шаарынын атын чыгаруу үчүн 1978-жылы биринчилерден болуп ат оюндарын уштурдум. Андан соң, Манастын 1000 жылдыгы өңдүү бир катар мамлекеттик деңгээлдеги маараке, тойлорго, байгеге жорго коштуруп, бүркүт салдырып жүрдүм. Ыр кесе уюштурдум. Аны Турдакун Усубалиев көрүп, «абдан сонун, жогорку деңгээлде уюштурулуптур» деп мактаган», - деп эскерет ал.

А.Ыманкулов ар кылдуу таланттуу инсан, ал ыр жазат, мүнүшкөр жана саяпкер, шахматчы, сөзгө чебер адам. Учурда ардактуу эс алууда. Үйүндө тарыхый китептерди көп окуйт.

«Эгер адам жакшы карыса, карылык жакшы курак. Аксакал, карыя деген - улуу, сыйлуу, эл ичинде кадыр-барктуу адамдар. Карыган адамдардын баары эле аксакал боло бербейт. Абышка, чал деген сөз - үйүндө тамак ичип, уктап жаткан адамды түшүндүрөт. Чал дегендерге арак ичип, орду жок сүйлөгөн адамдар кирет», - дейт А.Ыманкулов.

Анын үйүндө Лениндин эстелиги турат. «Мен В.И.Ленинди өтө баалайм. Ал киши акылдуу, билимдүү мактоого татыктуу инсан. Мен аны атамдай көрөм. 2005-жылы эстелигин үйгө алып келгем, 2010-жылы орноттум», -деди ал.

А.Ыманкулов байбичеси Анархан Ыманкулова менен бирге өмүр сүргөндөрүнө быйыл 58 жыл болду. Алардын 8 баласы, 15 небереси, 5 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×