Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 11.09.2015 16:15

Айыл турмушу: Сузактык уста Ж.Жолдошбаев өрүктөн чапкан комуздарын 7-8 миң сомдон сатат

Turmush -  Сузак районундагы Жаз-Кечүү айылынын 62 жаштагы жашоочусу Жалил Жолдошбаев Жалал-Абад аймагына көөрү төгүлгөн уста жана мерген катары да белгилүү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ж.Жолдошбаевдин айтымында, ал комуз чабат, ээр жасайт.

Быйыл белгилүү обончу жана композитор Атайбек Бөдөшов жана Оштогу элге таанымал обончулар, артисттер 13 комуз чаап берүүнү өтүнүшкөн.

Ал баасын 5 миң сомго баалаган комузду өрүктөн, ээрди теректен чабат. Анткени менен буга чейин өрүктөн чапкан комузу Жалал-Абад облусунда болуп өткөн облустук көргөзмөдө 7-8 миң сомдон сатылды.

Теректен чапкан ээри атка чак жана жеңил келерин анын кардарлары айтып жүрүшөт.

Мергенчилик жагынан улуу тоолорго чыгып, аюу, карышкыр атып алган учурлары болгон. Ал мергенчиликке жана көк бөрү оюнуна башка адамдарды да үйрөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×