Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.09.2015 18:30

Айыл турмушу: Аксынын тургуну «Москвичтин» моторунан жасаган учагын 2 метр бийиктикке учурду (фото)

Turmush -  Аксы районунун Мундуз айылынын тургуну Абдыхамит Чыныбеков 2 адамга ылайыкташкан учак жасап, аны учурууга аракет кылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Чыныбековдун айтымында, ал учакка «Москвич» үлгүсүндөгү унаанын моторун койгон. Калган тетиктерин темирден ширетип жасап чыкты.

«Учактын жалпы салмагы 500 килограммды түздү. Тетиктери темирден жасалып, мотордун салмагы менен учак оор болуп калган. Ошондой болсо да аны учуруп көрүүгө аракет кылдым. Тилекке каршы, 2 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, кулап түштү», - дейт ал.

14

Ошондой эле, ал Россиядан колдонулган мотор алып келүүгө абдан кызыгып жаткандыгын жана ал үчүн 6 миң доллар керек экендигин билдирди.

Мындан тышкары, А.Чыныбеков жакында «МТЗ-80» үлгүсүндөгү жана «ДТ» тракторун ошондой эле, «ГАЗ 53» жүк ташуучу унаасынын тетиктерин чогултуп, белгисиз үлгүдөгү автоунаа жасаган. Азыркы күндө ал техника айыл чарбасында жер айдоо, чөп ташуу, чөп тароо кызматтарын аткарат.

15

12

13

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×