Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.09.2015 10:06

Айыл турмушу: Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн кара-көлдүк Илья сейрек кездешүүчү 3 мотоциклдин ээси (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 28 жаштагы тургуну Илья Самсоновдун сейрек кездешүүчү 3 даана мотоцикли бар, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

И.Самсоновдун айтымында, бул мотоциклдер Советтер Союзу учурунда колдонулган. Анын бири досуна таандык. Экинчиси 1975-жылы, ал эми үчүнчүсү 1978-жылы чыгарылган.

«Мотоцикл айдоодон рахат алам. «Юпитер-3» үлгүсүндөгү мотоцикл чоң атамдан калган. Ал сейрек кездешүүчү мотоцикл болуп эсептелинет. Мен 10 жашымдан тарта айдоого кызыктым. 18 жылдан бери мотоцикл айдап жүрөм. «Юпитер-3» үлгүсүндөгү мотоцикл заводдон чыкандан бери бир дагы жолу бузулган эмес. Ал эми 3-мотоциклди азырынча курап жатам», - деди ал.

Мындан тышкары, Илья кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Ал Камбар-Ата шаарчасында 1-2-класста кыргыз тилинде билим алган. Андан кийин Кара-Көл шаарына көчүп келип, орус мектебин аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×