Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.09.2015 12:37

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну А.Турсалиев күн батареясын колдонуп, жайлоодогу боз үйүн электр энергиясы менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Тоолук айылынын Караган-Жайык жайлоосунда жашаган Айдарбек Турсалиев 2 жылдан бери күн энергиясынан өндүрүлгөн электр энергия менен боз үйдү жарык менен камсыздап келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Турсалиевдин айтымында, бул күн энергиясын өндүрүүчү батареяны 14 миң сомго сатып алган. Жыл сайын жайлоого чыкканда аны пайдаланып келет.

«Ал боз үйдү жарык менен камсыздагандан сырткары, уюлдук телефонду дагы заряддап берет. Тоолук айыл аймагынын шартындагы климатта күнү-түнү күн батареясы боз үйдүн сыртына коюлуп турат. Жайлоодо жамгыр жаап, күн бүркөлсө дагы үй ичиндеги жумуштарды жасоодо жарык берип турат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×