Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.09.2015 10:27

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн аксакалы 97 жаштагы М.Орунбаевге бата алуу, кеңеш суроо үчүн кайрылгандар арбын (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын 97 жаштагы тургуну Макамбай Орунбаев шаардагы эң улуу аксакал болуп эсептелинет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Орунбаевдин айтымында, ал Советтер Союзунун учурунда Ноокен районунун Рахманжан колхозунда эмгектенген. Кийинчерээк Кара-Көл шаарында жаңыдан ГЭСтер курула баштаганда ал жерлерди кайтаруу боюнча бөлүмдүн командири болуп эмгектенген.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда эмгектенип, «Тылдагы эмгектин ардагери» деген наам алган. М.Орунбаев аксакалдын 2 уулу, 2 кызы, 22 небереси, 34 чөбөрөсү бар.

Ал белгилегендей, шаардагы көптөгөн адамдар андан бата алышып, көп жашаган карыя катары кеңеш сурап турушат.

«Биз азыр жакшы заманда жашап жатабыз. Өлкөбүз өнүгүп, өссүн. Элибиз аман болсун. Жерибизде тынчтык болуп, эч убакта согуш болбосун», - деди аксакал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×