Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.09.2015 12:09

Айыл турмушу: Кара-көлдүк эки кесиптеш таң эрте 8 чакырым жолду жөө басып, ден-соолуктарын чыңдашат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 48 жаштагы тургуну Анара Борончиева кесиптеши Салима Чолпонкулова экөө күнүгө таң эрте саат 6:30дан 7:30га чейин «Энергетик» стадионун 10 жолу айланып, 8 чакырым жолду жөө басып өтүшөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Борончиеванын айтымында, ал 5 жылдан бери жөө басканды адатка айланткан. Ал эми С.Чолпонкулова 2 жылдан бери жөө басат.

«Эртең менен эрте туруп, спорт менен машыгуу ден-соолуктун чың болушуна өбөлгө түзөт. Эртең менен кечке чейин көңүлүң куунак болуп, жумушка сергек барып, көңүлдүү иштейсин. Таңдагы таза аба, жаратылыштын сулуулугу эң сонун», - деди А.Борончиева.

Ал эми С.Чолпонкулова мурун жүрөк оорусу бар экендигин айтып, ага дарыгерлер спорт менен машыгууну сунушташкандыгын белгиледи.

«2 жылдан бери таң эрте жөө баскандан улам жүрөк ооруудан арылып, өзүмдү жакшы сезип калдым», - дейт ал. Алар белгилегендей, экөө тең эсепчи кесибинин ээлери.

Таң эрте чуркаганды жана жөө басканды Кара-Көлдүн 48 жаштагы тургуну Чолпон Чынгараева дагы 20 жылдан бери үзбөй, тынымсыз аткарып келет.

«Азыр жайкысын жөө баскандар, чуркагандар көбөйдү», - деп кошумчалады Ч.Чынгараева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×