Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.09.2015 11:33

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Айдаралиев контейнер менен дүкөндөрдү, үйлөрдү куруп, кызматына 100 миң сом алат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 48 жаштагы тургуну Аким Айдаралиев 22 жылдан бери чоң дүкөндөрдү, үйлөрдү куруу менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Айдаралиевдин айтымында, 2005-жылдан бери Кара-Көл шаарында дүкөндөрдү контейнерден куруу модага айланып, үй курууда дагы ушул ыкма колдонулууда. Анткени, мында курулуш аз убакытта, өтө тездик менен бүтөт. Кирпич менен салганга караганда контейнер менен куруу чыгашаны 20-25%га кыскартып, жер титирөөгө туруштук берет.

«Контейнерден үй же дүкөн курууда анын пайдубалы ыңгайына карап куюлат. Андан соң, анын үстүнө контейнер жайгаштырылат. Дүкөн курууда контейнердин ичин жылуулайбыз. Мындай учурда жайкысын салкын, кышкысын жылуу болот. Мен быйыл жардамчым менен 3 дүкөн курдук. Азыркы куруп жаткан дүкөндүн аянты 72 чарчы метрди түзөт, аны бир ай мөөнөттө бүтүрөбүз. Мында 2 контейнер коюлат жана аны кесип, кайра ыңгайына карап ширетем. Ар бир контейнерди 50 миң сомго бүтөрөм. Ошондо азыркы жасап жаткан дүкөндү 100 миң сомдон ашык суммага баалаганбыз», - деди А.Айдаралиев.

Ал белгилегендей, анын кесиби механик-куруучу, машина куруучу болгондуктан, ширетүү, сантехникалык кызматтарды дагы аткарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×