Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.09.2015 11:08

Айыл турмушу: Кара-Көлдө эртең менен чуркап, спорт менен машыккан жарандардын саны көбөйүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында таң эрте туруп, спорт менен машыгып, ден-соолугун чыңдаган адамдардын саны жыл санап көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө алардын саны 20га жетсе, анын көпчүлүгүн аялдар түзөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

18 жаштагы жергиликтүү тургун Айдай Кадыбаеванын айтымында, ал 1 жылдан бери эртең менен саат 6да туруп, «Энергетик» стадионуна келип, бир саат чуркайт.

«Таза абада чуркоо дене бойду сымбаттуу болушуна жардам берет», - дейт ал.

Ал эми шаардын 49 жаштагы тургуну Акыл Токтоматов дагы таң эрте чуркап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт.

«Жаш өткөн сайын кан айлануу жайлап, ар кандай ооруларды пайда кылат экен. Мен бул нерсенин алдын алып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайм. Оорууну алдын алып, спорт менен машыгам», - дейт ал.

Ал эми 60 жаштагы жергиликтүү тургун Абдылас Назарбеков 6 жылдан бери таң эрте чуркап тургандыгын айтып, өзүн жеңил, сергек сезерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×