Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.09.2015 15:15

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну М.Чипиев кайрак жерге дарбыз эгип, мол түшүм алууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Ак-Кыя айылынын 51 жаштагы тургуну Мамыт Чипиев жубайы Сурмакан Сатыркулова экөө кайрак жерге дарбыз менен жашылчанын түрүн эгип, дыйканчылык менен алектенүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Чипиевдин айтымында, быйыл ал 160 миң сомго 70 сотых кайрак жер сатып алган. Жазда жерди өздөштүрүп, 50 сотых жерге дарбыз, 20 сотых жерге жашылчанын түрүн эккен.

«Быйыл жаңыдан жерди өздөштүрүп баштадым. Суу чыкпайт, сууну матор аркылуу тарттырып, жашылчаларды суугаруудамын. Жазда айдап, себүү иштерине 20 миң сом кетти. Жайы менен саткан жашылчам бүгүнкү күндө 16 миң сомду түздү. Дагы сатыла турган жашылчалар бар. Эмки жазда бул жерге бак олтургузуп, ортосуна жашылча айдап, түшүмдүүлүгүн арттырууну пландап жатам», - дейт ал.

М.Чипиевдин жубайы С.Сатыркулова жолдошуна жардам берүү менен бирге суусуз жерге гүл өстүрүп, ар ишембиде борбордук «Шурубек» базарына жашылча, дарбыз алып чыгып, сатып, үй-бүлө казынасын байытууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×