Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.09.2015 13:16

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну З.Шатманова Тажикстандан алып келген «Хусейн» жана «Мерседес» жүзүмдөрүн сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 56 жаштагы тургуну Зуура Шатманова ар ишемби сайын борбордук «Шурубек» базарында жашылча-жемиштердин түрүн сатып, үй-бүлө казынасын толуктап келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

З.Шатманованын айтымында, ал 20 жыл базарда соода кылып эмгектенген.

«Көп жылдан бери базарда соода кылам. Бүгүн Тажикстандан 1 тонна ак түстөгү «Хусейн» жана кара түстөгү «Мерседес» жүзүмдөрүн алып келип, сатып жатам. Жүзүмдүн 1 килограммын 70 сомдон, башка сатуучуларга салыштырмалуу 30 сомго арзан сатып жатам. Ишемби күндөрү жашылча-жемиштерди Маданият, Шамалды-Сай өңдүү жерлерден арзан баада алып келип, сатабыз», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×