Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.09.2015 17:42

Айыл турмушу: Аксынын тургуну Б.Назаралиев Түркиядан алып келген жашылчалардын жаңы сортун эгип, мол түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну Бакыт Назаралиев 20 сотых жерге Түркиядан алып келген помидор жана бадыраңдын жаңы сортун күнөсканага эгип, мол түшүм алууну пландоодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Назаралиевдин айтымында, ал 3 жылга ижарага жер алып, иштетип баштаган жана ага 2 уулу жардам берет.

«Учурда өсүп жаткан помидорлор ноябрь айынын башында бышып калат. Суук түшүп калганына байланыштуу жерди жылуу кармап туруу максатында атайын түтүк орнотуп баштадым. Декабрь айында Кербен шаарына өндүрүлгөн продукцияларды базарга алып чыгам», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×