Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.09.2015 14:09

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Р.Кошматова ыр жазып, кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Разия Кошматова 25 жыл №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте иштеп, 14 жылдан бери «Кара-Көл Нуру» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Р.Кошматованын айтуусунда, ал 1990-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Буга чейин Коммунистик партиянын мүчөсү болуп, 10 жыл Базар-Коргон районунун «Эмгек жалыны» гезитинде жалаң партиялык темаларды камтыган макалаларды жазып, эмгектенген. Анын «Жаш дарак жабыр тартпасын» деген биринчи макаласы чыккан.

«Бала кезимден кол өнөрчүлүккө кызыгам. Маселен, сайма сайганды, курак кураганды, токуганды жактырам. Аларды үйрөнгөнүмдүн жашоодо пайдасы тийип жатат. Журналист болуу эң жакшы. Бирок, өтө опурталдуу, кооптуу кесип. Элдин көйгөйүн көрүп, жазуу өтө кыйын. Сөз эркиндиги бизде чектелүү», - деп билдирди Р.Кошматова.

Учурда ал №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектепте адеп сабагынан мугалим болуп иштейт. Илхому келгенде ыр жазат. Жакында эле анын «Жан дүйнө» кайрыктары ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эле, «Кара-Көл шаарына 50 жыл» китебинин автору болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×