Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 03.09.2015 17:00

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну Ш.Качкынова укроп сатуу менен сезондо 40 миң сом киреше тапты (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Арал айылынын тургуну Шайлоокан Качкынова 2 жылдан бери жашылча-жемиштерди өстүрүп, аларды сатуу менен киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ш.Качкынова билдиргендей, ал өткөн жылы 2,5 сотых жерге укроп айдап, андан 40 миң сом пайда тапкан. Бул жылы да укроп өстүрүп, жергиликтүү базарга сатууда. Андан түшкөн киреше учурда 20 миң сомду түздү.

«Быйыл кошумча помидор, бадыраң, болгар колемпирин да өстүрдүм. Помидорлор учурда бышып, аны сатуу үчүн даярдап жатам», - дейт ал.

Ошондой эле, ал кийинки жылы укроптун аянтын көбөйтүүнү пландоодо.

«Укропту кеч күзгө чейин өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, анын аянтын көбөйтүүнү пландап жатам. Себеби, башка жашылча-жемиштерге салыштырмалуу укроп өстүрүү менен көбүрөөк киреше табууга мүмкүн экен», - деп кошумчалады Ш.Качкынова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×