Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 02.09.2015 10:27

Т.Сарпашев Сузак районунун мектеп окуучуларына ачык сабак өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 2 мектептин ачылышы болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдалгандай, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев алгач Ачы айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Маалыматка ылайык, Ачы айылы Жалал-Абад шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, бийик тоолу аймакта жайгашкан. Мектеп 200 окуучуга ылайыкталып, республикалык бюджеттен 25 млн сомго курулду.

«Ачылыш аземден кийин Т.Сарпашев Ачы айылындагы мектептин 11-классынын окуучуларына Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду жана ролу жөнүндө ачык сабак өттү», - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, андан соң биринчи вице-премьер-министр Барпы айылындагы 200 окуучуга ылайыкталган мектептин ачылышына катышты. Аталган мектептин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 16 млн сом бөлүнүп, ашар жолу менен курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×