Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.09.2015 10:10

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 40 жылдан бери мугалим болуп иштеген Т.Айталиева үйүндө жүзүмдүн 3 түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 63 жаштагы тургуну Турсунбүбү Айталиева 40 жылдан бери №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде эмгектенип келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Айталиеванын айтымында, ал 1975-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун чет тилдер факультетинин немис тил бөлүмүн бүтүрүп, Кара-Көл шаарынын №2 мектебинде немис тили мугалими болуп иштеп, эмгек жолун баштаган. Анын биринчи окуткан окуучуларынын мектепти бүткөнүнө 55 жыл болуптур.

Бош убактысында ал короосундагы гүлдөрдү, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кароо менен өткөрөт.

«Учурда короодо алма, жүзүмдүн баары бышып турат. Бакчада жүзүмдүн үч түрүн өстүрүп жатабыз. Быйыл анын түшүмү мол болду. Бакчада жүзүмдүн кара кочкул, ак түрлөрү өсөт. Мындан тышкары, жүзүмдүн «дамские пальчики» деген сортун өстүрөбүз», - дейт ал.

Көп жылдык эмгеги үчүн быйыл Т.Айталиева «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисине көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×