Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 01.09.2015 19:00

Ала-Бука районунда 320 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди

Turmush -  Ала-Бука районунда 320 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сонунбек Акбаралиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, быйылкы окуу жылында бир мектеп пайдаланууга берилди.

«Көк-Таш айылындагы Абдиназар Жумабаев атындагы мектеп бүгүн, 1-сентябрда пайдалануга берилди. А.Жумабаев мектеби заманбап стилде курулуп, окуучуларга жакшы шарттар түзүлүп жатат. Мектептин ичинен ысык жана муздак суулар чыгарылып, окуучулар үчүн жуунучу жай курулган. Бул мектепке 53 млн сом акча каражаты сарпталды. Учурда мектепте 552 бала билим алып жатат», - деди С.Акбаралиев.

«Район боюнча 2 бала бакча жана 1 мектептин курулуш иштери жүрүдө жана жакынкы күндөрдө пайдаланууга берилет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×