Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.09.2015 10:23

Айыл турмушу: Аксы районунда 1 кылым 6 жыл жашаган карыя А.Пармановдун 27 небере, 10 чөбөрөсү бар (фото)

Turmush -  Аксы районунун Семет айылында 1 кылым 6 жыл жашаган аксакал Абдилла Парманов сыналгы көрүп, гезит окуп, өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп турат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда аксакалдын 4 уул, 2 кыз, 27 небере, 10 чөбөрө, 3 кыбырасы бар. Ал өмүр бою Советтер Союзунда мал чарба жана айыл чарба тармагында иштеп, айылдын бригадири кызматын аркалаган. Өзгөн аймагында тарыхый курулуш болуп эсептелген Фергана каналын казууга активдүү катышкан.

А.Пармановдун келини Чолпон Батырованын айтымында, учурда карыянын абалы жакшы.

«Бизге ал 1900-жылдардагы элдин жашоосун айтып, азыркы күнгө салыштырып, өз насаатын айтып турат», - дейт ал.

24

22

23

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×