Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.09.2015 09:44

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну К.Бообекова айымдардын саркеч кийимдерин кыргыз орнаменттери менен тигет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы тургуну Калбү Бообекова буйрутма менен айымдардын саркеч кийимдерин, эркектердин көйнөк, шымдарын тигет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Бообекованын айтымында, ал 5 жылдан бери Кара-Көл шаардык №89 кесиптик лицейде тигүүчүлүк боюнча устат болуп иштейт.

Көбүнчө кол өнөрчүлүккө кызыгат, оюнан чыгарып, кыргыз оймолорун оюп, орнаметтерди кийиз беттерине түшүрөт. Кара жорго бийин бийлеген кыз-жигиттин жана манасчынын образын оймо-чийме менен кийиз беттерине түшүргөн.

«Чоң атам Бообек зергер уста болгон. Мени багып алган апам Ташбү уз айым эле. Ал эми өзүмдүн апам Үрбү да кол өнөрчүлүк менен алектенип, ала кийиз, шырдак оюп, килем соккон», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×