Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.08.2015 14:23

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 50 жыл ооруканада иштеген Ш.Бекташова кышкыга ден соолукка пайдалуу гана салаттарды жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 68 жаштагы тургуну Шайлоокан Бекташова 50 жылдан бери шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик борборунда эмгектенип келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ш.Бекташованын айтымында, ал учурда шаардык оорукананын башкы дарыгеринин мээрмандык иштери боюнча орун басары болуп иштейт.

Мындан тышкары, ал күнүгө таңкы саат 6да туруп, короосундагы гүлдөрүнө жана жашылчаларына кам көрөт. Кечинде жумушунан келген соң, 2 сааттык убактысын гүлдөр менен жашылчаларына бөлөт.

«Учурда короодо жашылчанын баардык түрү өсүп, бышып жатат. Жашылчалардан кышкыга салаттарды көп жасадым.

Көбүнчө помидордун ширесинен суусундук жасап жатам. Анткени, ал ден соолукка пайдалуу. Помидордун ширеси боорду тазалайт. Ал эми салатты банканын сыртынан кайнатып жасадым. Себеби, куурулган салатка караганда, сыртынан кайнатып жасалган салаттын даамы өзгөрбөйт, витаминдүү болуп, ден соолукка пайдалуу болот», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, Ш.Бекташова көп жылдан бери короосунда гүлдүн түрүн өстүрүп келет.

«Гүлдөр чарчоону жазат, адамды стресстен арылтат жана нерв чыңалуусун жөнгө салат. Өзгөчө астра гүлүн жактырам. Ал ар түрдү түстө гүл ачып, көпкө гүлдөйт», - деп кошумчалады ал.

Ш.Бекташова кесиби боюнча медайым. Анын жарым кылымдык эмгеги бааланып, «Саламаттыкты сактоонун отличниги» аттуу төш белгиси менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×